Башкы барак

Окуу башкармалыгы, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) структуралык бөлүмү болуп эсептелет. Окуу башкармалыгынын негизги максаттары катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде, билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча окуу процессин уюштурууну жана башкарууну камсыздоо, окуу процессин салттык жана кредиттик технологиянын негизинде окуу процесин уюштуруу, аны координациялоо жана факультеттердин, кафедралардын окуу ишмердүүлүгүн эффективдүү уюштурулушун көзөмөлдөө болуп эсептелет. Башкармалык төмөндөгүдөй багыттар боюнча иштерди алып барат:

  • окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу жана камсыздоо;

  • окуу процессин пландоо, уюштуруу, контролдоо жана анализдөө;

  • кафедралар, факультеттер менен биргеликте окуу пландарын, окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу;

  • окуу процесси жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду түзүү;

  • университеттин профессордук-окутуучулук курамынын окуу жүктөмдөрүн пландоону жана алардын факт жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө;

  • факультет, кафедралар менен биргеликте студенттердин жетишүүсүн каттоо жана анализдөө,
    мониторинг жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;

  • студенттердин кыймылына байланышкан документтерди өз убагында жана туура түзүү