Башкармалык жөнүндө

 

Окуу башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде, билим берүү программаларын ишке ашыруу (реализация) боюнча окуу процессин уюштурууну жана башкарууну камсыздоо боюнча С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

Окуу башкармалыгы НМУдагы структуралык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында 2008-жылы уюшулган. Уюшулгандан бери окуу башкармалыгын биология илимдеринин кандидаты Т.Атанаев, филология илимдеринин кандидаты А.Чолпонбаев жана техника илимдеринин кандидаты К.Дюшекеев жетектеп келишкен. Азыркы учурда окуу башкармалыгын педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Д.Ажыбаев жетектейт.

Окуу башкармалыгынын негизги максаттары катары окуу процессин салттык жана кредиттик технологиянын негизинде окуу процесин уюштуруу, аны координациялоо жана факультеттердин, кафедралардын окуу ишмердүүлүгүн эффективдүү уюштурулушун көзөмөлдөө болуп эсептелет. Башкармалык төмөндөгүдөй багыттар боюнча иштерди алып барат:

  • окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу жана камсыздоо;
  • окуу процессин пландоо, уюштуруу, контролдоо жана анализдөө;
  • кафедралар, факультеттер менен биргеликте окуу пландарын, окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
  • окуу процесси жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду түзүү;
  • университеттин профессордук-окутуучулук курамынын окуу жүктөмдөрүн пландоону жана алардын факт жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө;
  • факультет, кафедралар менен биргеликте студенттердин жетишүүсүн каттоо жана аллиздөө, мониторинг жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;
  • студенттердин кыймылына (движение студентов) байланышкан документтерди өз убагында жана туура түзүү (оформление);


Окуу башкармалыгынын башчысы


Ажыбаев Дуйшенбек Мокешович
педагогика илимдеринин кандидаты, доцент


Окуу процессин нормативдик камсыздоо бөлүмү


Усубалиева Жылдыз Жекиновна, жетектөөчү адис

Оморова Айнура Шекеновна, методист

Молдогазиева Элена Текшербековна, башкы адис


Каттоо бөлүмү

Жеңишбек кызы Жылдыз, адис
Батырбекова Анаркул Абдымомуновна, адис


Студенттик кадрлар бөлүмү

Абдрахманова Жылдыз Кыдыргычовна, бөлүм башчы

 

Асырканова Динара Мукашевна, инспектор

Ыбышова Айзада Майрамбековна, архивариус


Маалыматтык технологиялар бөлүмү

Бекежанов Марлис Мелисович, бөлүм башчы

Токтомамбетов Калыс Ишеналиевич, адис

Акиев Керим Жусупович, инженер-программист